Бишкек.02.02.2018.Govori.TV
“Чуңкурчак” кышкы эс алуу жайында кыргыз тилинде кызмат көрсөтүүнү талап кылган Огуз Доган Кыргызстандык юристтер көмөктөшсө “Чуңкурчак” кышкы эс алуу жайын сотко берүүгө даяр.
Огуз Доган айрым социалдык тармактын колдонуучулары жана сайттар жазгандай чагымчы эмес, филология илимдеринин доктору, журналист экендигин айтып, кыргыз тилине, кыргыз адабиятына болгон кызыгууларын айтып берди.
Эске салсак, өткөн айдын ортосунда Чуңкурчак кышкы эс алуу жайында мамлекеттик кыргыз тилинде кызмат көрсөтүүнү талап кылып жаткан Түркия жаранынын видеосу интернетке тарап, кызуу талкуу жараткан. Видеодогу Огуз Доган ага чейин Казакстанда дагы казак тилинде кызмат көрсөтпөгөн авиакомпанияны сотко берип утуп алганы белгилүү болгон.