• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

«Ойнош», «көңүлдөш» деп аталып кетпейби? Депутат алкоголдук ичимдиктердин аттарын көзөмөлдөөгө чакырды

1 Жалган куран 2022 17:22 Бишкек Govori.TV

Алкоголдук ичимдиктердин аталыштарын жөнгө салуу керек. Мындай сунушту депутат Мирлан Самыйкожо Жогорку Кеңештеги Отун-энергетика комплекси боюнча комитеттин жыйынында билдирди.

Депутат Экономика министрине кайрылып, алкоголдук ишканалар лицензияларды берүү учурунда мамлекеттик органдар менен продукциясынын аталышын макулдашып жатабы деп сурады.

«Бизде «Манас», «Семетей», «Сейтек», «өкүл ата», «өкүл апа» деген сыяктуу алкоголдук ичимдиктерге аттар коюлуп кетип бара жатат. Лицензия берилип жатканда ошол ичимдиктердин ысымын ыйгаруу боюнча маселе каралабы? А мүмкүн эртең «ойнош», «көңүлдөш» деп аталып кетпейби? Улуу сөздө уят жок… Бул катуу көзөмөлдү талап кылат», — дейт Мирлан Самыкожо.

Ал эми Экономика министри Данияр Амангелдиев лицензия берүү учурунда техникалык талаптар каралып жатканын айтат. «Алкоголдук ичимдиктердин аталышына эч кандай чектөөлөр жок», — деп кошумчалады ал.

Количество просмотров: 1996