• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Зордук-зомбулук: Депутат маалыматтардын жайылуусун көзөмөлдөө керектигин айтты

27 Аяк оона 2023 14:28 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук тууралуу маалыматтын социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында таратылышын көзөмөлдөө керектигин Ички иштер министрлигинен суранды.

«Биз алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүбүз керек. Мындай маалымат кайда, кандай максатта таратылып жатканын текшерүү керек. Муну Ички иштер министрлиги көзөмөлгө алышы керек. Мен мындай жаңылыктарды токтоткула дегенден алысмын, бирок булактардын максатын текшеришибиз керек. Кээде атайын жасап жаткандай сезилет. Жаманды жашырып, жакшысын кошуш керек дейт кыргыздар. Ооба, тарыхта кыргыздын аялдары менен эркектери бирдей укукта болгон. Мурдун, кулагын кесип алуу эркектик эмес. Бирок мындай маалыматты тараткандарды дагы эле текшеришибиз керек», — деди эл өкүлү.

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов атайын жайылткандарга чара көрулөрүн айтты.

Количество просмотров: 69