Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыкойжо мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоору парламентте биринчи окууда мыйзам бузуу менен кабыл алынганын айтты. Ал бул маселе Жогорку Кеңештин 29-ноябрдагы жыйынына шашылыш киргизилгенин, бул долбоорго анын ордуна башка бирөө “макул” деп добуш берип койгонун билдирди.
“Эл менен жолугушууда жүргөм, бүгүн маселе кирбеш керек эле. Жашыруун түрдө, жасалма жол менен тууну алып кирип өткөрүп койдуңар. Менин ордума “макул” деп басып койдуңар, ким басып койсо да жооп бериши керек. Мен туунун өзгөртүлүшүнө караманча каршымын. Кечээ да комитетке туунун авторлорун алып келген жоксуңар. Муну да алешемдик, алдамчылык жол менен өткөрүп алдык. Бул эмне деген маскарапоздук, көз боёмочулук, эмне деген абийирсиздик. Элдин 90 пайызы каршы. Мындай болбойт. Көптөп кеттиңер, мейли…”, — деди Мирлан Самыкойжо.