• Шаршемби 20 Тогуздун айы 2021

Октябрь айында 420 миң дозага жакын вакцинанын келүүсү күтүлүүдө

4 октября 2021 в 11:20 Бишкек Govori.TV

Октябрь айында 420 миң дозага жакын вакцинанын келүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу брифингдин жүрүшүндө Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гулбара Ишенапысова билдирди.

Анын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө вакцина жетиштүү.

«Вакциналар баарына жеткиликтүү жана бекер болуп саналат. Июлда массалык эмдөө башталгандан бери ачылган бардык эмдөө борборлорунда жүргүзүлөт. Учурда республиканын бардык аймактарында миңден ашык эмдөө пункттары иштеп жатат”- деп белгиледи Гулбара Ишенапысова.

Ал ошондой эле ушул жылдын октябрь айында 259 миң доза Pfizer, 110 миң доза Sinopharm жана 50 миң доза AstraZeneca вакцинасы келээри күтүлүп жатканын кошумчалады.

Количество просмотров: 39