• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Октябрь окуяларындагы башаламандыктар боюнча сот 2-ноябрга белгиленди

18 Тогуздун айы 2021 13:05 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 18-октябрда Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунда 2020-жылдын 5-6-октябрындагы башаламандыктарга байланыштуу сот отуруму өттү.

Жараянга саясатчы Жеңиш Молдакматов, Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов алынып келинди. 

«Кийинки отурум 2-ноябрь, саат 10:00гө белгиленди»,-деди жактоочу Кантемир Турдалиев.

Эске салсак, ИИМ октябрь окуялары боюнча эки кылмыш ишин козгогон. Биринчиси 5-6-октябрь окуялары боюнча, экинчиси — 9-октябрдагы «Ала-Тоо» аянтындагы митингдер боюнча.

Биринчи иштин алкагында «Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдакматов кармалган — алгач ага УКМКнын имаратын басып алуу боюнча айып тагылып, кийин беренесин массалык башаламандыктарды уюштурууга өзгөртүлгөн. Ал эми Ички иштер министринин мурдагы орун басары, президенттик шайлоодо талапкер болгон Курсан Асановго Жазык кодексинин 245-беренеси («Имараттарды жана курулуштарды басып алуу») боюнча айып тагылган. Экинчи иш боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовго, «Кыргызстандын социал демократтары» партиясынын лидери Темирлан Султанбековго жана УКМКнын 9-бөлүмүнүн мурдагы кызматкери Канат Сагымбаевге айып тагылган. Султанбеков менен Сагымбаев алгач үй камагына чыгарылып, кийин бөгөт чаралары эч жакка кетпөө тил катына өзгөртүлгөн.

Количество просмотров: 83