• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Октябрь окуясы: Айыпталгандарды актаган сот чечими күчүнө кирди

12 Баш оона 2022 11:32 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун Октябрь окуяларына байланыштуу мурдагы презединт Алмазбек Атамбаев баштаган адамдарды актаган чечими күчүнө кирди. Бул тууралуу Жеңиш Молдокматов Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Жалган жалаа жапкан тергөөчүлөр, прокурорлор жана соттор 271 күн камакта кармашты. Ар түркүн аракеттер болду, бирок сынган жокпуз, сынбайбыз! Саясий күрөштө колдоп турган саясатчыларга, ММК өкүлдөрүнө, активисттерге, жалпы элге терең ыраазычылык билдиребиз! Сиздер бизге кайрат, дем берип турдуңуздар. Ыраазымын»,-деп жазган ал.

Эске салсак, Биринчи май райондук соту 28-июнда Октябрь окуяларына айыпталгандарды «кылмыштын курамы жок» деген негизде актаган. Аталган кылмыш ишинин алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Канат Сагынбаев, Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов жана саясатчы Өмүрбек Бабановдорго айып тагылып, Бабановдун иши өзүнчө бөлүнүп тергелген.

2020-жылдагы Октябрь окуяларына байланыштуу тергөөнүн материалында Атамбаевдин 2020-жылы 5-октябрдын түнү камактан мыйзамсыз бошоп кеткени, андан кийин Бабанов, Султанбеков, Сагымбаев, Молдокматов жана Ниязов баштаган тарапташтары менен алдын ала сүйлөшүп алып, бийликти басып алууга аракет кылганы көрсөтүлгөн. Алар 9-октябрда “Медиа Форум” имаратынын алдына чогулуп, андан кийин «Ала-Тоо» аянтына келгени, ал жерден жапырт башаламандыкты баштаганы белгиленген. 2020-жылдын 5-6-9-октябрындагы жапырт башаламандык боюнча баштапкы соттук угуу былтыр октябрь айында башталган болчу.

Количество просмотров: 1152