• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Майдан: Саясатчылар акталды. Октябрь окуяларына эми ким жооп берет? (түз эфир)

30 Кулжа 2022 16:22 Бишкек Govori.TV

2020-жылдагы Октябрь окуясы боюнча соттук отурум аяктады. Отурумдун жыйынтыгында судья окуянын бардык айыпталуучуларын актады.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, саясатчы Жеңиш Молдокматов, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Канат Сагынбаев, «Социал демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун ишинде кылмыштын курамы жок деп табылды. Атамбаев Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу иштин алкагында камакта калтырылды. Ал эми Фарид Ниязов сот залынан эркиндикке чыгарылды.

«Саясатчылар акталды. Октябрь окуяларына эми ким жооп берет?» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары менен тааныштырып өтөлү:

Жеңиш Молдокматов — «Туран» партиясынын лидери;

Темирлан Султанбеков — «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков;

Эрбол Токтогулов — 2020-жылдын октябрь окуясында жабырлануучу.

Количество просмотров: 1954