• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Түз эфир: Октябрь окуясына 2 жыл. Аянтта куран окулууда

5 Тогуздун айы 2022 10:24 Бишкек Govori.TV

Октябрь окуяларына толук эки жыл толду. 2020-жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоо одоно мыйзам бузуу менен өттү деген эл көчөгө чыккан. Алгач утулган партиялар чогулуп, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабын коюшкан.

Натыйжада элдин агымы арбып, тараптардын кагылышуусуна алып келди. Аянтка чыккан эл акыры Ак үйдү алып, камакта олтурган бир топ саясатчылар эркиндикке чыкты. Мамлекетте бийлик кризиси өкүм сүрдү, бир топ башаламан кадрдык дайындоолор болду.

Акыры Сооронбай Жээнбековдун тактысы жаңы абактан чыккан Садыр Жапаровго өттү. ЖКнын макулдугу менен Жапаров Конституциялык реформаны демилгелеп, өлкө президенттик башкарууга кайтты.

2021-жылдын 28-ноябрда парламенттик шайлоо өтүп, 7-чакырылышка жалпы 90 депутат келди.

Бүгүн Ала-Тоо аянтында октябрь окуяларынын 2 жылдыган утурлай жарандар чогулуп, куран окулууда.

Количество просмотров: 69