• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Атамбаев: Бул Бакивдерди кубантуу максатында жасалып жатат…

6 Чын куран 2022 13:13 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2020-жылдын октябрь айындагы массалык башаламандыкка байланыштуу кылмыш ишин кароону бүгүн да улантты.

Анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, өзүн сотко күчтөп алып келишкени тууралуу пикирин айтты.

«Ушул аптанын башында башталган «спектакль» – 7-апрелге байланыштуу болуп жатат деп ойлойм. Бул Бакивдерди кубантуу максатында жасалып жатат. Алардын татыктуу окуучулары келип, Атамбаевге ушундай мамиле жасалып жатканын көрсөтүүнү каалап жатышат. Бул цирктин баары ушул үчүн. Мен сот отурумунда эч кандай суроого жооп берген жокмун, сөз да сүйлөгөн жокмун. Буга чейин бир өкүм, 11 жыл камоо боюнча чыгарылган чечим менин катышуум жок эле чыгарылган. Азыркы аракеттер бийликтин Бакиевдердин алдындагы милдетин аткарып жатканын көрсөтөт. Башкача түшүнүү мүмкүн эмес. Бирок мен күчтүүмүн, баары бир аман калам», — деди Алмазбек Атамбаев.

Белгилей кетсек, келерки отурум 8-апрелде болот.

5-апрелде өткөн сот жараянынын алдында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өзүн жакшы сезип калганын, бирок сотто көрсөтмө берүүдөн баш тартарын айткан. Ага чейин 4-апрелде өзүн жаман сезип жатканын айткандан улам «Тез жардам» чакыртылып, сот жараяны токтотулган.

Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев аны ден соолугуна байланыштуу мажбурлап алып келүүнү токтотуп, сот отурумдарын онлайн тартипте өткөрүү сунушун келтирген.

Количество просмотров: 1764