• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Октябрь окуясы: Жактоочу экс-президент менен экс-премьерди суракка алууну талап кылууда

5 Чын куран 2022 11:46 Бишкек Govori.TV

Биринчи май райондук соту октябрь айындагы окуялар боюнча кылмыш ишин кароону бүгүн да улантууда. Сот отуруму ачык өтүп жатат.

Анда жактоочу Кантемир Турдалиев күбөлөрдү суракка чакыруу боюнча өтүнүч келтирди. Атап айтканда, экс-президент Сооронбай Жээнбеков, экс-премьер-министр Кубатбек Боронов, ИИМ менен УКМКнын мурдагы жетекчилери Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаев, ИИМдин мурдагы орун басары Алмазбек Орозалиев, мурдагы Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Канат Жумагазиевдерди суракка алууну айтты.

Адвокаттын айтымында, 2020-жылдын 5-октябрынан 6-октябрына караган түнү митингчилерди таркатуу боюнча буйрукту ким бергенин билүү үчүн бул адамдар суракка алынышы керек.

Белгилей кетсек, соттук отурумга мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовду да алып келишкен.

Атамбаев Октябрь окуясы боюнча 4-апрелде болгон сотурумдун соңунда өзүн начар сезип, «Тез жардам» алып кеткен. Жактоочунун маалыматына ылайык, мурдагы президенттин кан басымы түшүп кеткен.

Эске салсак, 2020-жылы 5-6-9-октябрдагы Бишкектеги массалык башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында 10-октябрда Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалган. Алардын арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын мурдагы жансакчылары Канат Сагымбаев менен Дамир Мусакеев да бар. Учурду кармалгандардын көбү абактан чыккан.

Количество просмотров: 887