• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Октябрь окуясында каза болгон Үмүтбектин үй-бүлөсүнө батир качан берилет?

3 Аяк оона 2021 9:30 Бишкек Govori.TV

Былтыр октябрь окуясында каза болгон Үмүтбек Алтынбек уулунун үй-бүлөсүнө жакында батир берилет. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Маалыматка караганда, Үмүтбек Алтынбек уулунун үй-бүлөсүнө батир берүү тууралуу тапшырманы Садыр Жапаров былтыр күзүндө эле берип, бирок мэриядагы адамдар ал маселени убагында чечкен эмес.

«Бул маселе өлкө башчысынын жеке көзөмөлүндө турат. Жакын арада Үмүтбектин үй-бүлөсүнө борбор калаадан батир берилет», — деп билдирди ал.

Эске салсак, 4-октябрда өткөн Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон 12 партиянын өкүлдөрү жана алардын тарапташтары 5-октябрда борбордук «Ала-Тоо» аянтына нааразычылык митингин өткөрүшкөн. Кечке маал митингчилер менен укук коргоо кызматкерлеринин ортосунда кагылыш болуп, бир нече адам жаракат алып, ооруканаларга кайрылышкан. Кагылышта жабыркаган 19 жаштагы жигит ооруканада көз жумган. Маркум Алтынбек уулу Үмүтбек Лейлек районунун Кара-Булак айылында туулган.

Количество просмотров: 432