• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Октябрь районун кайрадан «Тазалык» тейлейт

31 Тогуздун айы 2022 13:25 Бишкек Govori.TV

«Тазалык» муниципалдык ишканасы кайрадан катуу тиричилик таштандыларын чыгарууда Октябрь районун тейлей баштады. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, учурда Октябрь району боюнча линияда 17 даана атайын техника иштеп, 133 тонна таштанды чыгарылды.

Муниципалитеттен белгилешкендей, 29-октябрдан тарта «Комтранском» жеке ишканасы Октябрь районун тейлөөнү токтоткон, ага байланыштуу таштандылар чогулган. Жогорудагы компания 2016-2022-жылдар аралыгындагы топтолгон 12 млн сом карызы үчүн келишимди бузуп, районду тейлөөдөн баш тарткан.

Октябрь районунун муниципалдык аймактык башкармалыктарында төмөнкүдөй карыздар чогулган:

№6 МАБ — 4 млн 276 миң 491,62 сом;
№7 МАБ — 1 млн 247 миң 551,9 сом;
№8 МАБ — 1 млн 947 миң 500,3 сом;
№9 МАБ — 1 млн 248 миң 635,24 сом;
№10 МАБ — 2 млн 169 миң 027,88 сом;
№11 МАМ — 1 млн 181 миң 396,72 сом.
Бардыгы 12 млн 70 миң 603, 66 сом.

Маалымат үчүн: Бир адамга айына болгон төлөм 22,50 сомду түзөт.

Количество просмотров: 76