• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Октябрь РИИБдин мурдагы башчысы Аалиев сот залынан бошотулду

23 Бештин айы 2022 17:51 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Уланбек Аалиев бүгүн 23-декабрда негизинен акталып, сот залынан бошотулду. Анын ишин Биринчи Май райондук соту карады.

Соттун өкүмү менен ал Кылмыш-жаза кодексинин “Кыйноо”, “Опузалап пара алуу” жана “Пара алуу” деген беренелери боюнча “кылмыш курамы жок болгонуна байланыштуу” деген негизде акталды.

Ал эми “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” деген берене боюнча күнөлүү деп табылып, ага 300 миң сом айып салынды.

Количество просмотров: 1989