• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Массалык уулануудан соң “Империя пиццы» кафеси убактылуу жабылды. Коронавирустан 2 адам көз жумду

25 Тогуздун айы 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 24-октябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда вирустан эки адам каза болду. Пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2655 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 66 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында.

Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 180 629 адамга жетти.

Бир күндө 36 адам айыгып, ооруканадан чыкты. Азыр ооруканаларда 712 бейтап жатат, дагы 655 адам үйдөн дарыланууда.

“ИМПЕРИЯ ПИЦЦЫ” КАФЕСИ УБАКТЫЛУУ ЖАБЫЛДЫ

“Империя пиццы” кафелеринин бардык тармактары массалык ууланууга байланыштуу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, массалык ууланууга байланыштуу эпидемиологиялык иликтөөнүн алкагында текшерүү жүрүп жатат.

Эске сала кетсек, 25-октябрда саат 7:30да Темир жол ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө тамактан ууланып, медициналык жардам сурап кайрылгандардын жалпы саны 85ке жеткен. Эпидемиологиялык иликтөөнүн жүрүшүндө жабырлануучулар 4 аймакта жайгашкан «Империя Пиццы» кафесинен тамак (роллы) жешкен. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери эпидемиологиялык иликтөө иштерин улантууда.

УЛАНБЕК ААЛИЕВ ТЕРГӨӨ АБАГЫНА КИРГИЗИЛДИ

23-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Уланбек Аалиевди камады.

Соттун басма сөз кызматы 25-октябрда билдиргендей, ал 21-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагында болот.

Аалиев, Октябрь РИИБдин тергөө кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Талгат Кубатбеков жана тергөөчү 21-октябрда алдамчылыкка шектүү Асыл Талипованын иши боюнча кармалган.

Аскер прокуратурасынын маалыматы боюнча, милиция кызматкерлери кыйноо, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана пара талап кылуу боюнча шектелүүдө.

Количество просмотров: 137