• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Октябрда Бишкектин оңдолуп жаткан көчөлөрү толук ачылат

26 Теке 2018 15:44 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 26.07. 2018. Govori.TV
“Ушул жылдын октябрь айында Бишкек шаарындагы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн көчөлөр толугу менен ачылат”. Бул тууралуу Govori.TV. маалыматтык агентигине мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Алардын маалымат боюнча, ушул жылдын апрель айынан тарта  49 көчө жана 23 кууш  көчөлөр  оңдоо иштерине байланыштуу атайын график боюнча жабылган.  “Борбордук көчөлөрдүн көбү практика жүзүндө колдонууга  даяр. Бирок, айрым обьектилер  оңдоо иштерине байланыштуу график боюнча жабылууда. Мисал, 7-апрель көчөсү Токтогул көчөсүнөн  батыш тарапка карай   Московский көчөсүнө чейин  жабылган. Мындан тышкары  3 чоң шаардык көпүрө жана Түштүк Магистралды байланыштырган  көчөлөрдө оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Баардык жол оңдоо жумуштары “Концепциялык өнүктүрүү” долбоорунун негизинде жүргүзүлүүдө”,-дейт маалымат кызматынан Елена Горбачева.
 Ал белгилегендей, учурда реконструкцияланган жолдор Бишкек шаардык атайын текшерүү комиссиясы тарабынан  расмий түрдө кабыл алынган жок. Ошондой эле тротуар жана арыктарды оңдоо иштери улантылып жатат. Мындан тышкары убактылуу кабыл алынган жолдорду  2 жыл колдонууга берип, сыноо жана  кемчиликтерди жоюу боюнча  чаралар көрүлөт.
Количество просмотров: 31