• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Окуу акысын төмөндөтүү. Студенттер митингге чыгышты

15 Бирдин айы 2021 14:36 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-февралда Билим берүү жана илим министрлигинин алдында студенттер митингге чыгышты. Нааразычылык акциясына чыккандар окуу акысын 30 пайыздан 50 пайызга чейин төмөндөтүүнү талап кылышууда.

“Пандемия башталгандан бери бир жыл бою үйдө онлайн окудук. Интернет, коммуналдык кызматтардын акысын өз чөнтөгүбүздөн төлөдүк. Университеттин электр энергиясын, жылуулугун жана башка чыгымдарын кетирген жокпуз. Буга чейин биз билим берүү министри, ректорлор менен биргеликте пресс-конференция өткөргөнбүз. Жыйынтыгында бизге жардам берилет деген, бирок жооп дагы деле жок”, — деди министрликтин алдына чыккан студент.

Белгилей кетсек, көпчүлүк студенттер окуу акысын төмөндөтүү талабын коюп келишет. Бирок Билим берүү жана илим министрлиги окуу процесси аралыктан жүргөнү менен ЖОЖдордо чыгымдар азайбаганын жүйө келтирип, жеңилдик берүүдөн баш тартууда.

Количество просмотров: 400