Каракол шаарындагы мектепте болгон окуяга байланыштуу мектептин директоруна, билим берүү мекемесинин класстан тышкаркы иштерди уюштуруучусуна жана социалдык педагогуна сөгүш берилди. Бул тууралуу Агартуу министрлиги кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, окуучулардын урушун Каракол шаардык билим берүү бөлүмүндө түзүлгөн комиссия иликтеп чыгат.
Буга чейин классташына кол көтөргөн окуучу бала тууралуу видео интернетте тарап, талкуу жараткан.
28-сентябрда Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө шаардын 58 жаштагы тургуну кайрылып, небересин сабак учурунда классташы сабап салганын айтып чара көрүүнү өтүнгөн. Милиция балдар орун талашып урушуп кетишкенин билдирди.
Ысык-Көл облусунун губернаторунун орун басары Айнура Султанбаева окуучу баланын майыптыгы бар экенин жана ал мындан ары үй шартында окуй турганын кабарлаган.