• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Окуучу кыздардын мушташы боюнча кызматтык териштирүү башталды (видео)

25 Чын куран 2018 14:43 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 25.04. 2018. Govori.TV
№78 мектеп-гимназияда окуган кыздардын  мушташкан видеосу тууралуу учурда Биринчи Май РИИБгы ыкчам иштерин алып барууда. Мындан сырткары бул боюнча кызматтык териштирүү башталды. Бул туурасында Govori.TV сайтына Бишкек ШИИБнын басма сөз катчысы Адыл Оморов билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкектеги Көлмө конушундагы №78 мектеп-гимназияда окуган кыздар мушташты тууралуу видео интернетке жайгаштырылган. Видеодон үч окуучу кыздын 7-класстын окуучусун сабап жатканын көрүүгө болот. Андан кийин алардын бири мектептеги 7-класста окугандардын баарын кетирем деп коркутканын көрөсүн.
Количество просмотров: 130