• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Окуучу кызды сүзүп кеткен айдоочу кармалды

26 Чын куран 2024 11:49 Бишкек Govori.TV

Милиция кызматкерлери Селекция айылында жолдун четинде бара жаткан окуучу кызды сүзүп кеткен айдоочу кармады.

Жол кырсыгынын видеосун күбөлөр социалдык тармакка чыгарышкан. Чүй облустук милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, айдоочу кырсык болгон жерден кетип калган. ЖКККБнын издөө бөлүмү BMW унаасын дана айдоочунун өздүгүн тактады.

Азыркы учурда жаран Сокулук райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилүүдө, ал эми унаа айып короосуна токтотулду.

Ошондой эле жабырлануучу ооруканага кайрылбаганы, анын өздүгү тактала электиги айтылат. Жабырлануучу тарап милицияга арыз жазган эмес.

Количество просмотров: 298