• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Окуучулар 2018-жылдын 10-январына чейин эс алышат

8 Бештин айы 2017 16:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 08.12.2017

Министрлик мектептерде кышкы каникул качан башталарын айтты. Өлкөдөгү мектеп окуучулары кышкы эс алууга декабрдын аягында тарайт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин пресс-катчысы Марина Гречанная Govori.tv агенттигине кабарлады.

Маалыматка ылайык, каникул 30-декабрда башталып, 10-январда окуучулар сабакка келишет.

Мындай чечим окуу планынын алкагында кабыл алынган. Эгерде, январда суук болсо, окуу процесс жылдырылабы, ар бир аймак боюнча өзгөчө чечим кабыл алынат.

Количество просмотров: 47