• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Окуучулар арасында акы төлөнүүчү олимпиадаларды уюштурууга тыюу салынды

8 Чын куран 2024 18:01 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда окуучулар арасында акы төлөнүүчү олимпиадаларды уюштурууга тыюу салынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

2024-жылдын 5-апрелинде Билим берүү министрлигинин «Мектеп окуучулары арасында акы төлөнүүчү олимпиадаларды өткөрүүгө тыюу салуу жөнүндө» буйругу чыкты.

Буйрукка ылайык, олимпиадалар Билим берүү министрлигинин буйругу менен бекитилген жобонун негизинде гана жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын арасында өткөрүлөт.

«Ошондой эле райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн/башкармалыктарынын, облустук усулдук билим берүү борборлорунун, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери тарабынан окуучулар арасында акы төлөнүүчү олимпиадаларды уюштурууга жана өткөрүүгө тыюу салынат. Буйрукту аткарбаган жетекчилер, жеке жоопкерчиликке тартылат», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 148