Кара-Балтада окуучулар арасында массалык мушташ орун алып, бирөө ооруканага түшкөн. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 13-февралында саат 17:21 чамасында Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Кара-Балта шаарынын биринде жайгашкан стадиондо жаш балдар мушташып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ошол эле күнү 2007-жылы туулган Д.А. аттуу жаран аймактык ооруканага денесинен жаракат алып түшкөнү тууралуу маалымдалган.
Бул факты Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө катталган.
«Жайыл районунда жайгашкан эки мектептин 7-8-класстарынын окуучуларынын ортосунда мушташ чыккан. Натыйжада 2007-жылы туулган Д.А. аймактык ооруканага жеткирилген. Анын апасы белгисиз адамдарга чара көрүү фактысы боюнча арыз менен кайрылган. Милиция кызматкерлери бул окуянын бардык катышуучуларынын өздүгүн такташты»,-деп айтылат маалыматта.
Экспертизалар дайындалып, учурда тергөө иштери уланууда.