• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Окуучулар үгүткө аралашкан. Алайда билим берүү бөлүмүнүн башчысы иштен кетти

12 Жетинин айы 2021 18:07 Бишкек Govori.TV

Ош облусуна караштуу Алай районунун Гүлчө айылында окуучулар үгүт иш-чарасына катышкандыгы үчүн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мамашарип Мусаев өз каалоосу кызматтан кетти. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү кабарлады.

Өкүлчүлүк кабарлагандай, 5-ноябрь күнү Гүлчө айылындагы Маданият үйүндө «Бүтүн Кыргызстан» партиясы эл менен жолугушуу өткөргөн. Ага №2 Т. Отунчиев атындагы мектеп гимназиясынын 10-класстагы окуучулары катышканы аныкталган.

«Мектеп директору Гулмира Раимкуловага сөгүш жарыяланып, Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мамашарип Мусаев өз каалоосу менен кызматтан кетти»,-деп айтылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармактарда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын Алай районундагы жолугушусуунда улуттук кийимчен жаш кыздар саясатчы Адахан Мадумаровду боорсок менен тосуп алганы тартылган тасма тараган. Анда мектеп курагындагы жигиттер дагы партиянын моюн орогучун тагынып, желегин көтөрүп турганын көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, шайлоо мыйзамынын 28-беренесинде үгүт иш-чараларына жашы жете электерди тартууга мыйзам жол берилбейт.

Количество просмотров: 3499