• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Окуучулардын республикалык олимпиадасы жыйынтыкталды

27 Жалган куран 2022 9:18 Бишкек Govori.TV

Окуучулардын республикалык олимпиадасы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, олимпиада 12 окуу предметинен өткөрүлүп, ага республиканын бардык аймагынан олимпиаданын III (облус) этабында 1, 2-орундарды ээлеген 323 окуучу катышты.

Олимпиаданын IV (республикалык) этабында окуучулар төмөндөгү предметтер боюнча күч сынашты: окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн кыргыз тили жана адабияты, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн кыргыз тили жана адабияты, окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн орус тили жана адабияты, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн орус тили жана адабияты, англис тили, математика, информатика, физика, химия, биология, география, тарых.

Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча 52 окуучу жеңүүчү деп табылды. Байге ээлерине министрликтин диплому жана бирден планшет тапшырылды.

Количество просмотров: 178