Жол кире төлөй албай калган окуучуну түшүрбөй койгон делип жумуштан алынган №7 автобустун айдоочусу ишин улантат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабаралайт.
Шаар башкармалыгы тараткан маалыматка ыйлайык, айдоочу балага карата эч кандай мыйзамсыз аракет жасаган эмес.
“Автобустун салонундагы камераны кароодо айдоочу окуучу балага өзүнүн аялдамасынан түшпөй койгону аныкталган. Бир нече убакыттан кийин гана акчасын жоготуп алганын айдоочуга айткан. Айдоочу окуучуга карата катуу сөз айткан эмес жана баладан жол киренин акчасын талап кылган эмес. Бала жакынкы аялдамадан түшүп кеткен”, – деп жазылат малыматта.
Шаар башкармалыгы кошумчалагандай, окуучунун апасы баласы калп айтып койгонун айтып, айдоочудан кечирим сураган. Эми №7-автобустун айдоочусу жумушун улантмакчы.

Буга чейин №7 автобустун айдоочусу 11 жаштагы баланы жөл кире төлөбөгөнү үчүн үйүнүн жанынан түшүрбөй 1,5 чакырым алыс жерге таштап салганын жазып чыккан.