• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Окуучуну акчаң жок деп таштап койгон автобустун айдоочусуна карата иш козголду

21 Бештин айы 2019 15:29 Бишкек Govori.TV

Окуучу баланы акчаң жок деп тийиштүү жерден түшүрбөй койгон автобустун айдоочусуна карата сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Эскерте кетсек, 20-декабрда №7 автобустун айдоочусу мектептен жол киресин жоготуп алган окуучуну түшүрбөй, Пригородное айылына алып кетип калганы белгилүү болгон. Мындан улам бала суукта үйүнө жөө келген.

Мэрия аталган айдоочу иштен алынганын маалымдаган.

«Баланы автобустун айдоочусу 1,5 чакырымга чейин алып кеткен. Аталган факт Аламүдүн районунун милициясы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси («Мыйзамсыз кармап туруу») менен каттоого алынды», — деп айтылат билдирүүдө.

Ушу тапта тергөө жүрүп жатканы белгилүү болду.

Булак. Спутник

Количество просмотров: 1057