• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Милиция күч колдонуп жашы жете элек айдоочуну кармашты

14 Кулжа 202523:53 Бишкек Govori.TV

13-июнда болжол менен саат 16:30дар чамасында Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери Мамлекеттик каттоо номери жок Toyota Camry маркасындагы унааны байкап калышкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Токто деген мыйзамдуу талапка айдоочу жооп бербей, качып кеткен. Кийинчерээк Унаа Чокан Валиханов жана Шабдан Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде кайрадан байкалган. Айдоочу кайрадан талапка көңүл бурбай, эшиктерди жаап салды.

Милиция кызматкерлери айдоочуну салондон чыгаруу үчүнж күч колдонууга аргасыз болушкан. Унаа айып короого жөнөтүлүп, эреже бузуучуга карата зарыл чаралар көрүлүүдө.

Бейрасмий маалыматтар боюнча, унаанын рулунда жашы жете элек бала болгон. Азырынча бул маалыматтын расмий тастыктамасы жок.

Количество просмотров: 343