Бишкекте айдоочу МАИ кызматкерин сүзүп, качып кетти. Такталгандай, 5-августта болжол менен саат 23:30да белгисиз айдоочу KIA К7 үлгүсүндөгү унаа менен Алматы жана айланма жол көчөлөрүнүн кесилишинде Бишкек ШИИББнын ЖККК инспекторун сүзүп кеткен. Инспектор ошол учурда жол кыймылын жөнгө салып жаткан.
Айдоочунун ким экендиги аныкталды. Ал 1994-жылы туулган Т.А. болуп чыкты, ал эртеси күнү кармалып, милицияга жеткирилген.
Республикалык наркология борборунда экспертизадан өтүп жатканда милицияга каршылык көрсөтүп, сөккөн.
Учурда Т.А. Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБне бардык керектүү чараларды көрүү үчүн жеткирилди.