Окуучуну жөө өтмөктөн сүзүп алган айдоочу милицияга өзү келген. Бул тууралуу Кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
15-октябрь күнү саат 12:30 чамасында Бишкек шаарынын Токтогул менен Суюмбаев көчөлөрүнүн кесилишинде 37 жаштагы айдоочу Т.Б. өзүнүн «Мазда 6» үлгүсүндөгү унаасы менен жөө өтмөктөн өтүп жаткан жаш өспүрүмдү сүзүп алган, айдоочу окуучу баланы үйүнө жеткирип кетип калган.
17-октябрь күнү жаш өспүрүмдү сүзгөн айдоочу Бишкек шаардык Миициянын кайгуул кызмат башкармалыгына өзү келди, унаасы айып короого токтотулуп, тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.