• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкекте жеңил унаа жөө өтмөктөн 23 жаштагы кызды сүзүп кеткен

31 Үчтүн айы 2023 14:35 Бишкек Govori.TV

Бишкекте күн мурун саат 20:50лөр чамасында Абдрахманов көчөсүндөгү Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын алдында жеңил унаа жөө өтмөктөн кызды сүзүп кеткен.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, BMW үлгүсүндөгү унааны 22 жаштагы А.Р.Т. аттуу жигит башкарып келе жаткан.

Кырсыктан жабыркаган 23 жаштагы К.А.К аттуу кыз ооруканага жеткирилген.

Количество просмотров: 847