Ошто жөө өтмөктөн эки окуучуну сүзүп качкан айдоочу кармалды.
Маалыматка ылайык, кырсык 10-апрелде шаардагы 8-март көчөсүндө орун алган.
«Daewoo Matiz унаасынын айдоочусу Панфилов атындагы №23 орто мектебинин 14 жана 13 жаштагы окуучуларын сүзүп кеткен. Экөө тең ар кандай жарааттары менен ооруканага жаткырылган. Аталган факт маалыматтардын бирдиктүү журналына катталып, текшерүү иштерин башталган. 11-апрелде окуяга шектүү делген айдоочунун өздүгү такталган. Ал 1996-жылы туулган К.Н. аттуу жаран болуп чыккан. Күн мурун айдоочу тергөөгө жеткирилип, унаасы айып короосуна киргизилди», — деп жазылат маалыматта.