• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Окуучуну жулкулдаткан мугалим сөгүш алды

11 Бирдин айы 201918:43 Бишкек Govori.TV

Бишкек.11.02.2019.Govori.TV.

Жалал-Абаддын Сузак районундагы Карамарт айылындагы орто мектептин физика жана математика сабактарынан берген 77 жаштагы мугалими 6-класстын окуучуна кол көтөргөндүгү үчүн сөгүш алды. Бул тууралуу мектеп директору Жумакүл Абданбаева маалымдады.

Мектеп директорунун айтымында окуя 21-январь күнү болгон. Окуучу тентек кылганына байланыштуу мугалим аны жакалап сыртка алып чыккан. Учурда мугалимге окуучуларга кол көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 77 жаштагы агай — мектепте физика менен математикадан берген жалгыз мугалим.

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 13