• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Окуучунун өлүмү: №72 мектептин жетекчилиги кызматтан четтетилди

13 Бирдин айы 202518:10 Бишкек Govori.TV

8-класстын окуучусунун өлүмүнөн кийин Бишкектеги №72 мектептин жетекчилиги толугу менен кызматтан четтетилди. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 13-февралда Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

Бишкекте каза тапкан баланын ата-энеси анын өлүмүнө дааратканада башка балдардын ур-токмокко алганы себеп болгонун айтууда. Мектеп мугалимдери бала дааратканада кулап түшүп, жуунмага башы менен тийгенин билдиришкен. Окуучу 4-февралда ооруканада көз жумган.

Ленин райондук ички иштер башкармалыгы Бишкектеги №72 мектепте окуучунун өлүмүнө байланыштуу “Ден соолукка оор залал келтирүү” беренеси менен кылмыш ишин козгогон жана өлүмдүн себептерин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындаган. Бул мектепке бекитилген милиция кызматкеринин ишине да укуктук баа берилери кабарланган.

Количество просмотров: 466