• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Окуучунун өлүмү боюнча эки кызматкер кызматтан убактылуу четтетилди

22 Чын куран 202517:50 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги №31 мектепте окуучу кыздын өлүмү менен коштолгон окуя боюнча мектептин педагогу жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары кызматтан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу 22-апрелде Бишкек шаардык кеңештинин комитетинин жыйынында вице-мэр Виктория Мозгачева билдирди.

Ал учурда кызматтык териштирүү жүрүп жатканын, анын жыйынтыгына ылайык чечим кабыл алынарын кошумчалады.

Айрым депутаттар директордун, Бишкектин билим берүү департаментинин жетекчилигинин жоопкерчилигин кабыл алуу сунушун беришти.

Количество просмотров: 279