Грек-рим күрөшү боюнча 77 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып жаткан кыргыз балбаны Акжол Махмудов чейрек финалдагы атаандашы казакстандык Демеу Жадраевге 3:1 эсебинде утулуп калды.
Жадраев финалга чыкса Махмудов коло байге үчүн күч сынашмакчы.
Махмудов 1/8 финалдан баштап, АКШдан келген Камал Амир Бей менен беттешип 4:1 эсебинде жеңишке жеткен.