Кыргызстандык балбан эл аралык күрөштөргө узак убакыт бою катышпай турган болду.
Эл аралык тестирлөө агенттигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курамасынын мурдагы мүчөсү Саякбай Усупов 2034-жылдын 8-июнуна чейин күрөш боюнча мелдештерге катыша албайт.
2022-жылдын 24-апрелинде кыргызстандык спортчу Монголияда өткөн Азия чемпионатында коло үчүн күрөштө утулуп, 5-орунга ээ болгон. Бул мелдештен кийин спортчудан допинг үлгүсүндө дростанолон жана тренболон табылган.
Усупов адегенде 2022-жылдын 9-июнуна чейин мелдештерге катышуудан четтетилип, андан кийин дагы 12 жылга мелдештерге катышуу укугунан ажыраганы белгилүү болгон.