• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Олимпиада: Дзюдочу Золоев атаандашына жеңилди

27 Теке 2021 9:36 Бишкек Govori.TV

Токиодогу Олимпиада оюндарынын алкагында дзюдо боюнча мелдеште кыргызстандык спортчу Владимир Золоев атаандашына жеңилип калды.

Биринчи кармашында Золоев Олимпиада оюндарына Орусиянын Олимпиада комитетинин (ROC) туусунун алдында чыгып жаткан Алан Хубецов менен күрөшкөн. Калыс Золоевге үчүнчү эскертүүнү берип, натыйжада жеңиш россиялык спортчуга ыйгарылды.

Эрежеге ылайык, таймашта берилген үч шидодон кийин атаандашына автоматтык түрдө жеңиш ыйгарылат.

Количество просмотров: 116