Жакында аяктаган Париж олимпиадасына катышкан спортчулар өлкө тарыхын жаңыртып 4 коло, 2 күмүш медалга ээ болуп, жалпы журтту кубандырышты. Күмүш медалга ээ болгон Мээрим Жуманазарова менен Мунарбек Сейитбек уулуна 10 млн. сомдон жана бирден унаа берилди. Коло байгени уткан Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков жана Айсулуу Тыныбекова 7 млн. сомдон жана бирден унаа алышты.
Ошондой эле олимпиадага катышкан ар бир спортчуга акчалай сыйлык жана унаалар ыйгарылды. Спортчулардын мурунку, кийинки машыктыруучуларына да жакшы суммада акчалай сыйлыктар тапшырылды. Мындай сыйлоону жалпы коомчулук кубаттап, чеке жарыла сүйүнүштү.
Бирок, азыр спортчуларды сыйлоо чектен чыгып баратат, сыйлоо боюнча жарыш башталгандай деген пикирлер социалдык тармактарда айтылууда. Ош шаардык мэриясы Мунарбек Сейитбек уулуна үч бөлмөлүү батир жана 1 млн. сом, ал эми анын машыктыруучусу Беганас Султанбаевге эки бөлмөлүү батир жана 500 миң сом берди. Олимп оюндарында коло медал алган Акжол Махмудовго 1 млн. сом, машыктыруучусуна 250 миң сом сыйлык тапшырылды. Дагы бир балбан — Олимпиаданын катышуучусу Кубанычбек Айбек уулу 250 миң сом, машыктыруучусу 100 миң сом менен сыйланды.
Спортчуларды сыйлоо Таласта да өтүп, спортчуларга миллиондогон суммада сыйлыктар тапшырылды.
Балбандар Акжол Махмудов менен Айсулуу Тыныбекова 500 миң сомдон, Мунарбек Сейитбек уулуна 1 миллион сом, Бекзат Алмаз уулуна 300 миң сом, Айпери Медет кызына 300 миң сом, Үзүр Жусупбековго 1,5 миллион сом, Жоламан Шаршенбековго 1,5 миллион сом жана Мээрим Жуманазаровага 3 миллион сом ыйгарылды. Акчадан тышкары аргымактар тартууланды.
Спортчулардын машыктыруучуларына акчалай сыйлыктар тапшырылды. Мунарбек Сейитбек уулунун машыктыруучусуна акча каражатынан тышкары ажыга барып келүүгө жолдомо берилди.
Бирок, Кыргызстандын даңкын билим жаатында чыгарып, математика боюнча дүйнөлүк олимпиадада алтын медаль алган Назар Кыргызбаев, күмүш медаль тагынган Ян Борбус, Элдар Искендеров, Искен Кенжебаевге белек-бечкек бергенди мындай кой, арзыбаган ардак грамота менен деле сыйланышкан жок.
Бул жагына келгенде жалаң спортко өзгөчө басым жасап, билимдүүлөргө тиешелүү көңүл бурулбай жатканы да эл арасында айтылып жатат.
Ысык-Көлдүн айылдарын сел каптап, жергиликтүү эл карайлап, үй-жайынан ажырап турган чагы. Ушундай учурда спортчуларды сыйлоо огобетер эле көкөлөп жаткандыгы орустар айтмакчы, «пир во время чумы» дегендей таасир калтырат экен.



