• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Паралимпиадачылар Парижге узатылды

21 Баш оона 202411:48 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-августта Париж шаарында (Франция) 28-августтан 8-сентябрга чейин өтө турган XVII жайкы Паралимпиада оюндарына Кыргызстандын Паралимпиадалык курама командасын узатуу иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маалымдады.

Узатууга Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият министри Алтынбек Максүтов, машыктыруучулар жана спортчулар катышты.

Байсалов курама команданы узатып жатып, оюнчуларды лицензия алышы менен куттуктап, алардын жетишкен ийгиликтери үчүн сыймыктанарын билдирди.

Бул жолку XVII жайкы Паралимпиада оюндарына пауэрлифтинг, триатлон, жеңил атлетика жана дзюдо сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча 4 спортчу катышат.

“Сиздердин жетишкендиктериңиздер жана спорт – баарыбызды бириктирүүгө, ар бирибизди күчтүү болууга жана жакшы жакка үндөп жатат. Сиздердин Паралимпиада оюндарына катышып жатканыңыздардын өзү эле жеңиш. Сиздердин кайратыңыздар жана жеңишке болгон эркиңиздер биздин өлкөнү гана эмес, бүткүл дүйнөнү шыктандырат. Сиздерге ийгилик жана чоң жетишкендиктерди каалайм. Сиздердин жолуңуздарда ар дайым жаңы жетишкендиктерге орун болуп, күн сайын кыялдарыңыздарга жакындата берсин”, – деди Байсалов.

МинКаб Төрагасынын орун басары мамлекеттик тууну Кыргызстандын Паралимпиада курама командасынын капитаны Маматибраим Сурановго тапшырды.

Кыргызстандын Паралимпиада курамасынын курамында: Гүлназ Жүзбаева (жеңил атлетика), Айтунук Жоомарт кызы (триатлон), Маматибраим Суранов (дзюдо), Миргүл Болоталиева (пауэрлифтинг) бар.

Количество просмотров: 141