• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жапаров спортчуларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

5 Бирдин айы 2023 9:20 Бишкек Govori.TV

4-февралда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда 2022-жылдагы жетишкендиктери үчүн спортчуларга мамлекеттик сыйлыктарды салтанаттуу түрдө тапшыруу аземи өттү.

Куттуктоо сөзүндө министрлер кабинетинин башчысы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун кайрылуусун окуп, 2022-жылы кыргызстандыктар эл аралык аренада спорттогу чоң ийгиликтерге жетишкендигин белгиледи.

«2022-жыл кыргыз спорту үчүн ийгиликтердин жана жеңиштердин жылы болду десем жаңылышпайм. Мамлекет спорт тармагын колдоого жана каржылоого бардык күч-аракетин жумшады. Биздин сыймыктуу жана кайраттуу спортчуларыбыздын жеңишке жетүүдөгү майтарылбас эрки жалпыбыз үчүн бир гана алга умтулууга стимул болуп калды», — деди министрлер кабинетинин төрагасы жана улуттук команданын жетишкендиктери дүйнөлүк спорттун тарыхында өз изин калтыргандыгын кошумчалады.

Акылбек Жапаров Сербиянын Белград шаарында өткөн дүйнө чемпионатында спортчуларыбыздын жетишкендиктерин баса белгилеп, 2022-жылы биздин спортчубуз Жоламан Шаршенбеков жылдын мыкты спортчусу деп табылгандыгын белгиледи.

Акылбек Жапаров спортчулардын машыктыруучулар курамына өзгөчө басым жасады.

«Сиздердин эмгегиңиздер эч качан унутулбайт. Спорт тармагындагы жетишкендиктер өлкөбүздүн ырааттуу түрдө өнүгүп жаткандыгын гана далилдейт. Жана бул чек эмес. 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарында үмүттү актайсыздар деп терең ишенем», — деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров жана спорт тармагынын өкүлдөрүнө алдыдагы мелдештердеги чоң жеңиштерди жана ийгиликтерди каалады.

Андан соң мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи өттү.

Количество просмотров: 373