• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

«Олимпиададан утмайын турмушка чыкпайм» деген Тыныбекова көпчүлүктү кызыктырган суроого жооп берди

7 Баш оона 2021 14:21 Бишкек Govori.TV

Токиодо өтүп жаткан Олимпиадада кыз-келиндер күрөшүнөн күмүш байге алган Айсулуу Тыныбекова маалымат жыйын учурунда журналисттердин «келерки Париж Олимпиадасына катышасызбы жана медаль утсам жеке жашоомду курам деп сөз бергенсиз. Жообуңузду кыргыз эли күтүп жатат болуш керек» деген суроосуна жооп берди.

«Мен буга чейин көп сөздөрдү айткам, сөз бергем, аны унуткан эмесмин. Кандай гана кыйынчылык болбосун жеңишке жетем дегем. Ошондуктан бүгүнкү ийгиликти жаратып турам. Алдыда Олимп оюндарына катышуу тууралуу чындыгында азыр эч кандай оюм жок. Алтын медаль алам деп баргам. Алланын буйругу менен экинчи орунду алып отурам. Командам менен чогуу отуруп сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк боло элек. Бир апта болобу, бир ай болобу өзүбүзгө толук келип алып, чогу жыйнытык чыгаргандан кийин өзүмдүн чечимимди сөзсүз түрдө айтам», — деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн, 7-августта «Манас» эл аралык аэропортуна Токиодон кыргыз спортчуларынын бир бөлүгү учуп келди. Аларды тосуп алууга ЖМК өкүлдөрү, күйөрмандар, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, белгилүү спортчулар менен маданияттын мыктылары катышты.

Количество просмотров: 464