• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Олимпиадага катышкан спортчуларды сыйлоо аземи качан өтөрү айтылды

17 Баш оона 2021 16:42 Бишкек Govori.TV

Токиодогу Олимпиада оюндарында Кыргызстандын намысын коргогон курама команданын мүчөлөрүн сыйлоо аземи 23-августта өтөт. Маалыматты Govori.TVга президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев тастыктады.

Маалыматка ылайык, сыйлык тапшыруу аземи «Ала Арча» мамлекеттик резиденциясында өтөт.

Белгилей кетсек, Токио Олимпиадасына кыргызстандык 16 спортчу катышкан. Токиодогу Олимпиада оюндарында алтын алган спортчу 10 млн сом, күмүш байге уткан 7 млн сом жана коло байге алган спортчу 5 млн сом менен сыйлана турганын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 13-июлда спортчулар менен болгон жолугушууда билдирген. Ошондой эле башкы, жеке машыктыруучуларга, спортчуларды караган медициналык кызматкерлерге спортчу алган орунга жараша 10-25%дык акчалай сыйлык бериле турганы айтылган.

Количество просмотров: 224