Казакстандын Алматы шаарында болуп өткөн «Silk Way Star» эл аралык ыр сынагына Кыргыздын атынан катышып жаткан ырчы Омар 1-орунга ээ болду. Бул тууралуу Гулнур Сатылганова өзүнүн социалдык баракчасына жазган.
Ал «Ошентип достор жеңиш биздики болду, SILK WAY STAR сынагынан биздин Омар жеңишке ээ болуп 1-орунду алды», — деп жазган.
Учурда социалдык баракчанын колдонуучулары Омарды куттуктап жатышкан кези.
Эске сала кетсек , сынак 12 этапты камтып, 3 айга созулган. Ага Кыргыз өлкөсү, Казакстан, Азербайжан, Түркия, Грузия, Башкортостан, Татарстан, Өзбекстан жана Тажикстан болуп жалпысынан 9 мамлекеттин атактуу ырчылары ат салышкан.