• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ооганстанда бир күндө эки жерде кол салуу болуп, беш полиция кызматкери каза болду

13 Бирдин айы 2021 15:59 Бишкек Govori.TV

Ооганстанда бир күндө эки жерде кол салуу болуп, кеминде беш полиция кызматкери каза болду жана 12си жараат алды. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигине таянып «Азаттыктын» ооган кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Кандагар провинциясында «Талибан» кыймылынын жанкечтиси көзөмөл-өткөрмө пунктунда бир автомашинаны жардырып жиберди.

Кунар провинциясында куралдуу кол салуудан полициянын беш кызматкери набыт болду.

«Талибандын» согушкерлеринин чабуулдары көбөйүп жатканы жакында АКШнын Оганстандагы кайра куруу боюнча атайын инспекторатынын (SIGAR) жаңы отчётунда айтылган.

НАТО баштаган миссиянын маалыматына караганда, былтыркы 1-октябрдан 31-декабрга чейин Ооганстанда 2 586 карапайым киши жабыркаган. Анын 810у каза болгон.

Количество просмотров: 145