• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ооганстанда дайынсыз жоголгон ноокендик жоокер 36 жылдан кийин тирүү табылды

11 Бирдин айы 2019 12:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек 11.02.2019.Govori.TV.

Ооган согушу учурунда дайынсыз жоголгон Ноокен районунун тургуну 36 жылдан кийин тирүү табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Толубай Энназаров билдирди. Анын айтуусунда, өткөн жылы Орусиянын телеканалдарынын биринен дайынсыз жоголгон Советтер союзунун жоокерлеринин арасынан Орозалы Кочкоровдун аты аталып, ал Ооган жергесинде жашап жаткандыгы тууралуу маалымат чыккан:

— Биздин республикалык кеңеш Орусиядагы кесиптештер менен бирге сүйлөшүүлөрдү жүгүзүп, алардын жардамы менен дайынсыз жоголгон досубуздун тек жайын аныктадык. Учурда Орозалы Кочкоров Ооганстандын Чакчаран шаарындагы департаменттердин биринде электрик болуп иштеп жатыптыр. Ошол жакта үйлөнүп, эки баланын атасы экен. Ооган жеринен СССРдин жокерлери чыгарылгандан бери бир топ убакыт өтсө да ал жакта согуш басыла элек. Сырткы дүйнө менен таанышуу таптакыр мүмкүн эмес. Ошол себептүү досубуз биз менен байланыша албай, Кыргызстанда эмне болуп жатканынан кабарсыз деп ойлойбуз, – деди Энназаров.

Орозалы Кочкоров Ноокен районунун Сакалды айылынын тургуну, үй-бүлөдө 10 бир туугандын жетинчиси. 1982-жылы 18 жаш курагында Ооганстандагы согушка жөнөтүлүп, 1983-жылдын жаз айларында барымтага алынган бойдон дайынсыз жоголгон. Учурда ооган согушунун ардагерлер кеңеши ооганчы жоокерди туугандары менен байланыштыруу аракетин көрүүдө.

Кыргызстандан Ооган согушуна жети миңден ашуун аскер жөнөтүлгөн. Алардын 252си курман болуп, бир жарым миңдейи жараат алышкан. Алты жүзгө жакыны майып болуп кайтышкан. Дайынсыз жоголгон төрт жоокердин бири Орозалы Кочкоров болчу.

Количество просмотров: 19