• Шаршемби 10 Кулжа 2026
  • Среда 10 Июнь 2026

Ооганстанда күчү 6,3 баллдык дагы бир жер титирөө болду

15 Тогуздун айы 202316:58 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-октябрда Ооганстандын батышында күчү 6,3 баллга жеткен дагы бир жер титирөө катталды. 7-октябрдагы катуу зилзала 2 500дөй кишинин өмүрүн алган.

АКШнын Геологиялык көзөмөлдөө борбору 15-октябрдагы жер титирөөнүн очогу Герат шаарына 34 чакырым аралыкта орун алганын билдирди.

«Ассошиэйтед Пресс» агенттигинин жазганына караганда, силкинүүдөн жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу расмий маалымат жок.

Количество просмотров: 176