• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ооганстанда студент кыздарга университеттерде окууга тыюу салынды

21 Бештин айы 2022 16:21 Бишкек Govori.TV

Ооганстанда студент кыздардын университеттерде окуусуна тыюу салынды. Бул тууралуу Reuters агенттиги талибдер түзгөн өкмөттүн Билим берүү министрлигинин катына шилтеме кылып кабарлады.

Ооганстандагы мамлекеттик жана жеке университеттерге жөнөтүлгөн катта студент кыздардын окуусун тез арада токтотуу тууралуу өкмөттүн буйругу жазылган.

Чет өлкөлөрдүн, анын ичинде АКШнын өкмөтү «Талибан» алгач аялдардын билим алуусуна карата саясатын өзгөртүшү керектигин, андан кийин гана талибдердин администрациясын таануу маселеси каралышы мүмкүн экенин билдиришти.

«Талибан» бардык оогандыктардын укуктарын, өзгөчө адам укуктарын, аялдардын жана кыздардын негизги эркиндиктерин сыйламайынча, эл аралык коомчулуктун мыйзамдуу мүчөсү боло албайт», — деди АКШнын БУУдагы элчисинин орун басары Роберт Вуд уюмдун Коопсуздук кеңешинин жыйынында.

Улуу Британиянын БУУдагы элчиси Барбара Вудворд студент кыздардын окуусунун токтотулушу «аялдардын укугу одоно бузулган дагы бир көрүнүш» экенин билдирди.

Талибдер өткөн жылы августта бийликке келгенден кийин аялдардын укуктарын сактоого убада берип, бирок көп өтпөй аларга карата түрдүү чектөөлөрдү киргизе башташкан. 2021-жылы сентябрда алар университеттер үчүн жаңы эрежелерди киргизишкен: эркектер менен кыздар өз-өзүнчө окуп, бардыгы талибдердин түшүнүгүндөгү исламдын эрежелерин сактап кийинүүгө милдеттендирилген. Мындан тышкары жаңы өкмөт 20 жылдан бери иштеп келген Аялдар иштери боюнча министрликти жоюп, кыздардын мектептеги окуусун чектеп, аялдырдын спорт менен алектенүүсүнө тыюу салып, телеканалдардагы алып баруучуларды эфирге хиджаб кийип чыгууга милдеттендиришкен.

Количество просмотров: 216