• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ооганстанда талибдер 4 кишини эл алдында дарга асты

26 Аяк оона 2021 14:56 Бишкек Govori.TV

Ооганстанда «Талибан» кыймылы Герат провинциясынын адам урдоого айыпталган төрт тургунун эл алдында өлүм жазасына тартты. Бул тууралуу Aamaj News жазды.

Массалык маалымат каражаттарында өлүм жазасы учурунда тартылган видео менен сүрөт пайда болду.

Белгилей кетсек, 1996-2001-жылдары Ооганстанда талибдер бийликте турган учурда таш бараңга алуу, колу-бутун кесүү, дарга асып өлтүрүү сыяктуу коомдук жазалар өлкөдө кеңири жайылган.

Аайрым кылмыштар үчүн айыпкерлерди эл алдында өлүм жазасына тартуу жана соттолгондордун колун кесүү эрежесин кайтарууну көздөп жатканын Associated Press агенттигине буга чейин «Талибандын» негиздөөчүлөрүнүн бири, молдо Нуруддин Тураби билдирген.

Количество просмотров: 2814