Талибан өкмөтү Ооганстан аймагынан Тажикстан менен Өзбекстанды аткылаган кылмыштуу топ кармалганын кабарлады.
16-июлда Талибандын расмий өкүлү Забиулла Муджахиддин «Твиттерде» билдиришинче, талибдерди атайын бөлүгү 15-июлга караган түнү Кундуз провинциясынын Имам Сахиб уездиндеги Канжага айлында харижиттердин (ИМ жоочулары) борборун талкалаган.
«Атайын операциянын жыйынтыгында кылмыштуу топтун үч мүчөсү өлтүрүлүп, бешөө камакка алынган. Алардын автоунаалары менен курал-жарактары конфискацияланган. Мунун алдында алар Өзбекстан менен Тажикстанды ракеталар менен аткылаган», — деп жазды Талибандын расмий өкүлү.
Азырынча бул билдирүүнү көз карандысыз булактардан тастыктоого мүмкүн боло элек.
Акыркы төрт айда Ооганстандан Тажикстан менен Өзбекстанга үч жолу ракета атылган.